23нөн 29-ноябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -
202

ӨКМдин маалымат кызматы 23нөн 29-ноябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

24-25-ноябрда туруксуз аба-ырайы сакталып турат. 24-ноябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

24-ноябрда күндүз түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаашы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

25-ноябрда күндүз жаан-чачын айрым жерлерде күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундысына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши мүмкүн. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт.

25-26-ноябрларда абанын температурасы төмөндөйт:

Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -7…-12° суук, күндүз -3° сууктан …+2° жылуулукка чейин,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 0…5° жылуу,

Тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз -3° сууктан…+2° жылуулукка чейин,

Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -4…-9°, күндүз 0…-5° суук, тоолуу райондордо

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -12…-17°,  күндүз 0…-5° суук,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25°, күндүз -8…-13° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Катуу жаан  жааган убакта автожолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаалардын кыймылдоосун кыйындатат. Суу кар электр зымдарга жабышып, үзүлүү коркунучун алып келет.

26-ноябрда жана 27-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 27-ноябрда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

28-ноябрда түнкүсүн айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт

29-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы өзгөрүлүп турат.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба-ырайы

 23-ноябрда мезгил-мезгили менен жаан, каржаашы мүмкүн. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.

24-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 24-ноябрда күндүз жана 25-ноябрда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы күтүлөт.

25-ноябрда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак, тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Ош шаарында күтүлгөн аба-ырайы

 23-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.

24-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 24-ноябрда күндүз жана 25-ноябрда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы күтүлөт.

25-ноябрда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.