Аба ырайына байланыштуу Казакстандын беш облусунда жолдор жабылды

Автор -

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу Астанадагы жана өлкөнүн беш облусундагы шаарлар аралык унаа жолдор жабылды.

24-ноябрь кечинде Астана – Караганда, Астана – Кабанбай баатыр жана Астана – Коргалжын унаа жолдорунда транспорттун бардык түрлөрү үчүн кыймыл чектелген. Мындан тышкары Алматы, Караганда, Жамбыл жана Чыгыш-Казакстан облустарындагы жолдор да жабылды.

Казгидромет өлкөнүн жети облусунда туруксуз аба ырайы күтүлө турганын билдирген. Синоптиктер 25-ноябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кардуу бороон болуп, туман түшүп, жолдор тайгак болорун эскертишкен.

Бөлүшүү