«Түнкү кырсык» көркөм тасмасы «Алтын Глобустун» узун тизмесине кирди

Автор -

Белгилүү режиссер Темир Бирназаровдун «Түнкү кырсык» аттуу көркөм тасмасы «Алтын Глобустун» узун тизмесине кирди.

Тасма “ Мыкты чет элдик фильм ” наамына ат салышууда.

Биринчи тепкичтен өткөндөр 8-декабрда кыска тизмеге илинет. Жеңүүчүлөр 2019-жылдын 6-январында белгилүү болот.

«Алтын глобус» — Голливуддагы чет элдик басма сөз бирикмеси берчү сыйлык.

Кыргызстандагы «Оскар» комитети режиссер Темир Бирназаровдун «Түнкү кырсык» тасмасын АКШнын «Оскар» сыйлыгына да сунуш кылган.

Фильмде жалгыз бой, учурда сүйүүнү башынан өткөрүп жаткан карыя тууралуу баяндалат. Ал кызга ашык болуп калат. Тасманын жүрүшү дал ушул сезимди ачып берүүгө арналган.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү