Бизнес идея: Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?

Автор -
701

Азык-түлүк продукцияларын саткан кандай бизнес болбосун пайдалуу экенин айтпаса да белгилүү. Эгер бул жааттагы бизнеске олуттуу мамиле жасап, тың кирсе кирсе, анда аны аз убакытта кирешелүү жана натыйжалуу бизнеске айландыруу мүмкүнчүлүгү бар.

Кондитердик тармак да кирешелүү. Ал туруктуу пайда алып келип, узак убакыттар бою кармалаары турган иш. Кондитердик цех ачуу үчүн бул сооданын өзгөчөлүгү менен кемчиликтерин так ажыратып алуу керек.

Мындай жааттагы ишкананы баштоонун алдында зарыл болчу бардык ачкычтарын таап чыгашалардын суммасын эсептеңиз. Аларга каттоого, имаратты ижарага алуу, же сатып алууга, бухгалтердик кызмат көрсөтүү жана аудитордук эсеп, лицензия жана уруксат берүү кагазын алуу, жарнама, керектүү жабдыктарды сатып алуу, жумушчулардын айлык маянасын төлөө, чыгарылган продукцияларды өткөрүү иштерине кеткен чыгымдардын баары кошулат.

Албетте, кайсы тармак болбосун жеке менчик бизнести баштоонун, болгондо да азык-түлүк жаатындагы ишмердүүлүктүн тобокелчилиги чоң. Көпчүлүк учурда бул ишкананын ийгиликсиз жабылышына алып келет, ал турмак кээде ишкана мыйзам жообуна тартылып калышы да мүмкүн.

Ошондуктан ишкерлер негизинен ишкананын мамлекеттик каттоодон өткөрүүдө үнөмдөөгө барышпайт, жеке менчик ишкана, же ачык акционердик коом сыяктуу уюм- укуктук формасын алуудан баш тартышпайт.

Ишкананы каттатуу масели толугу менен чечилгенден кийин өндүрүш жүргүзүлүчү же соода -сатык жаслуучу имараттын маселесине келиңиз. көпчүлүк ишкерлер жакан имаратты дароо сатып алуудан баш тартууну сунушташат. Анткени ал бардык шартка жооп берсе да ыңгайсыз жерде жайгашкандыктан продукциянын нак кардарларына алыстык кылышы мүмкүн, бул кирешенин келишин азайтат.

Ишкананын алгачкы ишмердүүлүгүндө, имаратты ижарага алуу бир канча ашыкча чыгашалардан арылтат. Кондитердик цех үчүн алынган имарат сөзсүз түрдө бардык азык-түлүк товарларын өндүрүүчүлөр жана сатуучуларга арналган санитардык- эпидемиологиялык кызматтын талаптарына жооп берүүсү керек.
Имараттын ээси сөзсүз түрдө бул талаптарга имарат канчалык деңгээлде жооп берээрин текшерсин. Кондитердик цехти иштетүүдө ири өнөр-жай жабдыктары орнотулат.

Имарат туташкан электр тармагы мындай күчтүү техникага туруштук бере алабы, аны да байкаңыз. Башкысы, аймакка бардык технологиялык өндүрүштүк линияларды орнотуу мүмкүн, а дүкөн сатып алуучуларга ыңгайлуу жана жайлуу болсун.
Кондитердик цех түзүү менен эсеп жүргүзүүгө да көп убакыт бөлүңүз. Баарын дааналап жана салмагына карап эсептөөгө туура келет. Жакшысы, бул процедураны бизнестин ээси өндүрүштө, же дүкөндө жүргүзгөнү оң.

Бардык товар кайсы бир убакта чыгарылган даанасы жана салмагы менен эсептелинет. Тез арада продукциянын жарактуу мөөнөтү тууралуу адистерден кеңеш алыңыз. Эгер продукциянын сактоо мөөнөтү аягына чыккан болсо, же чыгаарына аз калса, товарды сатыктан алыңыз.

Эч убакта жарактуу мөөнөтү өтүп кеткен товарлардын шаардык соода түйүндөрүнө, же ар кайсы дүкөндөргө тарап кетүүсүнө жол бербеңиз. Чыгашаларды жана келе турчу кирешени эске алып, кошумча чыгашалар болоорун да унутпаңыз, ал күкүм, кесиндилер менен башталат.

Кондитердик азыктар механикалык жапа тартуудан соода көрүнүшүн жоготуп койсо, өздүк наркы менен сатыңыз, чыгашанын азыраак болушун камсыздайт. Жарнамага жакшы көңүл буруу керек. Эсиңизде болсун, жарнама компанияны тандоодо анын кеңери мүмкүнчүлүгүнө, кулачтаган аймагына көңүл буруп, аймактык базардагы маркетингдик иликтөө жана атаандаштыкка жараша кайрылыңыз.

Кондитердик цех оригиналдуу продукция чыгарышы керек, анткени, ал чыгарган товар атаандаштардын товарларынан айырмаланып туруусу көп кирешеге алып келет, муну жарнамада сөзсүз белгилеңизк. Көптөгөн ишкерлер презентации, же дегустацияга окшогон жарнама түрүнө басым жасашат. Аны атайын соода борборлорунда, же көчөдө деле көрсөтүүгө болот.

Кондитердик цех менен дүкөн катарлаш жайгашкан бизнес пайдалуу болот. Бул учурда продукцияны жеткирүүгө убакыт да, жол кире да кетпейт. Андан тышкары дүкөндө кондитердик цехтин продукциялары дайыма жаңы бышырылган абалда турат. Бул сөзсүз түрдө кардарлардын баалоосуна ээ болот.

Мындай жайгашуунун дагы бир фактору цехтин жанындагы дүкөндө таттуу азыктардын жагымдуу жыты буркурайт. Дүкөнгө кирген кардар бул жерде дагы- дагы кармалууну каалайт. Кондитердик дүкөндө текчелер, айнек текчелер орнотулуп, товарды жакшы көрсөтүшү керек, касса оруну жана товарды сактоочу жай да тийиштүү шартка жооп бергидей болсун.

Кондитердик цех ачууда квалификациясы бар жана өз ишинин адиси болгон жумушчуну алуу да оң таасир берет. Дүкөндүн бардык кызматкерлери иш билги, адис жана адамдар менен тил табышууга жөндөмдүү болушу шарт. Андан башка алар өз убагында медициналык текшерүүдөн өтүп, азык оокаттары менен иштешүү уруксатын алышы зарыл.

Кондитердик цех сөзсүз түрдө бир нече продукцияны чыгарышы керек. Мындай бизнести баштоодогу тажрыйба көрсөткөндөй, кондитердик цех бир нече жыл кызмат кылгандан кийин, дароо ондогон товарды чыгарат- ваниль кошулуп катырылган жөнөкөй нандардан баштап, эң бир татаал кошулмалары бар тортторго чейин.

Сатып алуучулардын табитин, каалоосун, аймактагы улуттук салтты жана башка көптөгөн факторлорду да эске алуу кажет. Продукциянын түрлөрү көбөйгөн сайын кондитердик цех алдыга жылып, киреше бөлүгү да кеңейет. Эгер таңгакка көңүл жакшы бөлүнсө, продукциянын өтүмдүүлүгү да жакшы болот.

Таңгак абдан кооз, өзгөчөлүү жана бекем болушу керек. Мындан улам кондитердик цех сыяктуу бизнесте эч убакта көңүл сыртында калтчу майда маселелер болбошун эске жакшылап түйүү керек.