Жогорку Кеӊеште Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу долбоору) ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Келишимге ылайык, «Жылуулук менен жабдууну жакшыртуу» долбоору жылуулук менен жабдуунун натыйжалуулугу менен сапатын жакшыртууга багытталган, анын жалпы бюджети – 46 млн доллар.
Жылуулук менен жабдууну жакшыртуу долбоору үч курамчадан турат: 1-курамча Бишкек шаарынын борборлошкон жылуулук менен жабдуу тутумунун сапатын жогорулатууга багытталган (31 млн доллар), 2-курамча үй чарбарлардагы экологиялык таза жылытуучу мештерди борборлошкон жылуулук жабдууну кошпой киргизүү боюнча улуттук программаны иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу чараларын камтыйт (5 млн доллар) жана 3-курамча коомдук имараттардын энергиялык натыйжалуулугун жогорулатууга демонстрациялоого багыттылган (10 млн доллар).
Дүйнөлүк банкы 1-курамчаны жүзөгө ашыруу үчүн гранттык каражаттарды төмөндөгү шарттарга ылайык бөлүүсү божомолдонууда:
Суммасы: 31 млн доллары (23 млн доллар – насыя, 8 млн доллар – грант).
Төлөө мөөнөтү: 38 жыл.
Жеңилдетилген мөөнөтү: 6 жыл.
Пайыз коюму: 0,75.
Ал эми калган курамчалар толугу менен гранттык каражаттардын эсебинен ишке ашырылмакчы.
Депутаттар ордо калаадагы экологиялык абалды эске алып, ушул долбоордун алкагында жаӊы конуштарда жашаган калкты заманбап энергонатыйжалуу мештерге, мончолорду экологиялык таза отунга өткөрүү, эскилиги жеткен суу түтүктөрүн жаӊысына алмаштыруу, насыя каражатты сарамжалдуу пайдалануу зарылдыгын белгилешты.
АРИСтин өкүлү азырынча 14 миӊ заманбап очок сатылып алынып, калктын жакыр катмарына бекер таратыларын, мештер жылуулукту 80 пайызга үнөмдөп, түтүндү аз чыгарарын, алар жергиликтүү ишкерлер тарабынан Кыргызстандын өзүндө чыгарыла турганын, андай мештер азыр Монголияда пайдаланылып жатканын билдирди. Бир мештин баасы – 10-12 миӊ сом.
Белгилей кетсек, келишимге ылайык, 8 млн доллар өлчөмүндөгү грант чарбалык субъектиге эмес, Өкмөткө берилген, ал ошол каражатты кайра насыялоодо.