Саламаттык сактоо министрлиги окуучуларга презерватив таратууну сунуштады (Видео)

Автор -
238

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги кыздарга 16 жаштан тарта ата-энесинин макулдугусуз эле аборт кылдырууга уруксат берүүнү жана мектептерде бекер презервативдерди таратууну сунуштап жатат. Мекеме мындай жол менен эрте боюна бүтүп калуу учурларын токтотууга ниеттенүүдө.

Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө өспүрүмдөрдүн коргонуу каражаттары тууралуу маалыматтары аз болгондуктан, аларды колдонушпайт деп эсептейт. Вице-министр Лязат Актаева жаштар сексуалдык жашоого кантип үйрөтүлө тургандыгы жөнүндө берилген суроого жооп берүүдөн тартынып, бирок өспүрүмдөргө 16 жаштан тарта бардык медициналык кызматтар, анын ичинде аборт дагы жеткиликтүү болушу керектигин айтты.

«Өспүрүмдөр паспортту 16 жашта алышат, демек алар 16 жаштан тарта медициналык кызматтарды колдонуу боюнча өз алдынча чечим кабыл ала алышат. Эл аралык эксперттер мындай тажрыйба башка өлкөлөрдө да бар экенин белгилешүүдө», – деди Лязат Актаева.

Министрликтин бул сунушу коомдук талкууга коюлду. Казак парламенти өспүрүмдөрдүн аборт жасатуусуна уруксат берүү жана мектептерде презерватив таратуу маселесин ачык кароого ниеттенүүдө.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, өлкөдө жыл сайын өспүрүмдөрдүн боюна бүтүп калган 6 миңден ашык учур катталууда.

Бөлүшүү