30-ноябрда күндүз жана 1-декабрда аба ырайы туруксуз болушу мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
30-ноябрда күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
1-декабрда көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундысына 4-9 метрден, айрым жерлерде 18-23 метрге чейин жетиши күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү жаралат.
1-2-декабрда абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -10…-15° күндүз -2…-7° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 0…5° жылуу, тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз -3° сууктан…+2° жылуулукка чейин, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -5…-10° суук, күндүз -3° сууктан…+2° жылуулукка чейин, тоолуу райондордо жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -13…-18°, күндүз 0…-5° суук, бийик тоолуу райондордо жана Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -19…-24°, күндүз -8… -13° суук болушу мүмкүн.