Кыш келди… 1-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -
415

Эртеӊ, 1-декабрда көпчүлүк аймакта жаан, кар жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым аймактарда 18-23 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй, Талас облустарында түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…-7;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 0…+5;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…-7, күндүз -3…+2;

Нарында түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…-5;

Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, түнкүсүн 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -8…-10, күндүз -3…-5.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү