Аба ырайы: 4-декабрда өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт

Автор -

Эртеӊ, 4-декабрда өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдорго муз тоңуп, тайгалак болушу мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз +2…+7;

Таласта түнкүсүн -9…-14, күндүз +2…+7;

Ош, Жалал-Абад, Баткенде түнкүсүн 0…-5, күндүз +5…+10;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүз +4…+9;

Нарында түнкүсүн -15…-20, күндүз 0…-5;

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы  түнкүсүн -8…-10, күндүз +4…+6.