Америкалык 25 жаштагы ырчы Ариана Гранденин жаӊы клиби YouTube каналында 3 күн ичинде 85 миллион жолу көрүлгөн. Бул YouTube каналындагы жаӊы рекорд.
Ырчынын жаӊы эмгеги «thank u, next» деп аталып, жактыруулардын саны 5 миллиондон ашса, 471 миӊ адам өз пикирлерин калтырган.
Ырдын маӊызында ырчынын жеке жашоосу баяндалат. Ал буга чейинки сүйүктүүлөрүнө жашоону үйрөткөнү үчүн ыраазычылыгын билдирген ыр жазган.