Нарын облусунун Жумгал районундагы Миң-Куш айылында жер көчтү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, жердин көчүшү “Жумгал Суу Курулуш» көмүр казган ишканасынын аймагында болгон. Кырсык 1-декабрда болжол менен саат 12:30дар чамасында катталып, жер көчкүнүн көлөмү болжол менен 35000 м3 болгон.
Кырсыктын кесепетинен Ыраакы Миң-Куш тилкесине баруучу таза суу түтүгү жана «Жумгал Суу Курулуш» көмүр казган ишканасынын 2 даана электр зым карагайы жабыркаган.
Учурда жер көчкү акырындык менен жылып жатат. Ал эми турак-үйлөргө коркунуч жок экенин билдиришти.