4нөн 9-декабрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы 4нөн 9-декабрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

4-декабрда өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдорго муз тоңуп, тайгалак болушу мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

5-6-декабрь күндөрү күндүз жана 7-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

7-декабрда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

8-декабрда тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

9-декабрда көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Бөлүшүү