Алматы облусундагы базарда өрт чыгып, 40тан ашык контейнер күйүп кетти

Автор -

Алматы облусунун Иле районунда жайгашкан «Ашыбулак» курулуш базарындагы өрттөн 40тан ашык контейнер күйүп кетти. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлигинин алдындагы Өзгөчө кырдаалдар боюнча комитеттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, базардын аймагындагы өрт тууралуу кабар өрт өчүрүү кызматына 4-декабрь эртең менен келип түшкөн. Болжол менен сегиз жарымда ал толугу менен өчүрүлгөн. Каза болгон жана жабыркагандар жок.

Басма сөз кызматтан кабарлашкандай, мындан тышкары 4-декабрга оогон түнү Актау облусунун өнөр жай аймагында дагы өрт чыгып, бир кампа күйүп кеткен. Өрт тууралуу кабар саат экиде келип, саат алтыда толугу менен өчүрүлгөн. Каза болгондор жана жабыркагандар жок. Азырынча бул эки өрттүн тең келип чыгуу себептери аныктала элек.

Бөлүшүү