«Байкоңурда» «Союз» кемеси ийгиликтүү учурулду

Автор -

Эл аралык космос станциясы Казакстандагы Байкоңур космодромунан ракета ташуучу «Союз МС-11» космос кемесин учурду.

Бул Эл аралык космос станциясынын октябрдагы авариядан кийинки алгачкы ракета учурушу. Кеменин ичинде «Роскосмостун» космонавты Олег Кононенко, NASA астронавты Энн Макклейн жана Канаданын космос агенттигинин астронавты Давид Сен-Жак бар.

Ракета Астана убактысы менен саат 17:40та учту. «Роскосмос» «Союз МС-11» кемеси ракета алып жүрүүчүнүн үчүнчү тепкичинен ийгиликтүү ажырап, автономдук учуусун улантканын билдирди.

11-октябрда ракета ташуучу «Союз МС-10» космос кемесин орбитага жеткире албай калган. Бортундагы космонавт Алексей Овчинин жана америкалык астронавт Ник Хейг куткаруучу капсула менен Жерге аман-эсен конушкан. Авариянын себептери иликтенгиче эл аралык космос станциясына адамдарды учуруу убактылуу токтотулган.

Бөлүшүү