Сооронбай Жээнбеков Санкт-Петербургга Жогорку ЕАЭС кеңешинин жыйынына катышуу үчүн учуп кетти

Автор -

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-декабрда Россиянын Санкт-Петербург шаарына Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн учуп кетти, деп президенттин басма сөз кызматы билдирет.

7-декабрда мамлекет башчысы Москва шаарына иш сапары менен барып, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин салтанаттуу ачылышына катышат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү