Аба ырайы: Борбор калаабызда жаан-чачын күтүлбөйт

Автор -

Эртеӊ, 11-декабрда тоолуу райондорго кар жаайт. Чүй, Талас, Баткен, Жалал-Абад, Нарын облустарынын аймактарына туман түшөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метр, айрым аймактарда 14 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +2…+7;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…-7, күндүз +1…+6;

Нарында түнкүсүн -10…-15, күндүз -3…-8;

Талас облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +2…+7;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +4…+9;

Борбор калаабызда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3, күндүз +5…+7.

Буга чейин, Кыргызгидромет борбору өлкө аймагында 10-декабрдан 14-декабрга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат тараткан.

Бөлүшүү