Эртеӊ, 12-декабрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Жалал-Абад, Талас, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз +2…+7,
Талас жергесинде түнкүсүн -1…-6, күндүз +2…+7,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +5…+10,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…-6, күндүз +2…+7,
Нарын облусунунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -3…-8 градус болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Туман түшүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2°, күндүз 4…6° болот.