Айтматовдун чыгармачылыгына арналган жаштар арасындагы сынактын жеңүүчүлөрү cыйланат

Автор -

Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө эртең, 11-декабрда саат 11:00дө жазуучунун өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналган сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, буга чейин жарыяланган кыргыз эл жазууучусу Чыңгыз Айтматовдун өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналган жаштар арасында “Эң мыкты эссе”, “Эң мыкты поэзия” жана массалык маалымат каражаттар арасында “Эң мыкты сюжет”, “Эң мыкты макала” республикалык сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өтөт.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү