Гүлзат Мамытбек турмушка чыгат. Мындай билдирүүнү ал социалдык тармактагы өздүк баракчасы аркылуу билдирген.
Анын болочоктогу жолдошу Америкалык 35 жаштагы режиссер Хуан Буэндиа.
Ал өз видеосунда: «Жакында менин жашоомдо жакшы жаңылык болот. Мен турмушка чыгам. Бир аз сүрдөп жатам. Мына мечитке дуа кылууга келдим.» -деп айткан.
https://www.instagram.com/p/BrFCcC7HW6h/
Буга чейин Гүлзат Мамытбек күйөрмандарына кайрылып: «Менин кыялымдагы мырзаны жолуктурууга жардам бергиле. Эгер сен ошондой эркекти жолуктуруп калсаң, ага мен жөнүндө кабарлап кой. Ал деле мени издеп жүргөндүр. Экөөбүздүн табышып калышыбызга себепкер бол!» — деген. Анда болочоктогу жолдошуна 40 талап койгон. Алар:
1. Позитивдүү;
2. Перспективдүү;
3. Койгон максатына умтулган;
4. Шайыр;
5. Күч-кубаттуу;
6. Дайыма жылмайып жүргөн;
7. Бийик максаттарды койгон;
8. Адамдар менен бат тил табышкан;
9. Өзүн жана башка адамдарды сүйгөн;
10. Жардамга муктаж адамдарга кол сунган;
11. Дайыма билим алууга умтулуп, өзүн өстүрүүнүн үстүндө иштеген;
12. Жаш балдарды аябай жакшы көргөн;
13. Келбеттүү;
14. Бою узун (170 сантиметр);
15. Камкор;
16. Берилип сүйгөн;
17. Жакшылыкты билген;
18. Англис жана чет тилдерде сүйлөй алган;
19. Бир нерсени тез өздөштүрүп кете алган;
20. Үй чарбасындагы иштерди жасоого жардам берген;
21. Менин эркиндигимди чектебеген;
22. Мага суктанган;
23. Менин баштаган ишиме колдоо көрсөтүп турган;
24. Акылман;
25. Терең ой жүгүрткөн;
26. Чынчыл;
27. Маданияттуу, сылык (мега маанилүү!);
28. Тыкан;
29. Чыгармачыл;
30. Тамеки чекпеген, алкоголдук ичимдиктерди ичпеген;
31. Жароокер;
32. Кумарлуу;
33. Мээнеткеч, жакшы жыйынтык үчүн иштеген;
34. Жеңилбес;
35. Ишенимдүү жана берилген;
36. Уюштуруучулук жөндөмгө ээ;
37. Башка адамдардын позициясын жана диний ишенимин сыйлаган;
38. Менден да көп акча тапкан;
39. Жеке ою менен позициясы так болгон;
40. Миллионер болуп, миллион адамга жардам берем деген эркек болушу керек.