Трамптын мурдагы юристи үч жылга абакка кесилди

Автор -

АКШ президенти Дональд Трампка узак жылдар бою жеке юрист катары иштеген Майкл Коэн 12 -декабрда үч жылга абакка кесилди.

Ал салык төлөөдөн качканы, шайлоо өнөктүгүн каржылоо боюнча мыйзамды бузганы, Конгресске жалган маалымат бергени үчүн күнөөлүү деп табылды.

Өкүмдү Нью-Йорк шаарынын райондук судьясы чыгарды.

Тергөөнүн эсебинде, Коэн 2016-жылкы президенттик шайлоо өнөктүгү учурунда президент Дональд Трамп менен мурда “жеке байланышта болгонбуз” деп ырастаган эки аялга 130 миң долларды ооз басырык катары берүүгө жашыруун катышкан.

Ошондой эле ал Конгресске Трамптын Орусиядагы мурдагы бизнес пландары боюнча жалган маалымат да берген.

52 жаштагы Коэн бул эки иште тең күнөөлүү экенин өзү да моюнга алган. Тергөө органдары менен макулдашууга жетишкенине карабай, бирок ал кызматташтык келишимине кол койгон эмес.

Президент Трамптын мурдагы жеке юристине каршы кылмыш ишин козгоо АКШда атайын прокурор Роберт Мюллер жүргүзүп жаткан иликтөөнүн натыйжасында келип чыккан.

Мюллердин тобу президент Трамптын 2016-жылкы шайлоо учурундагы штабынын Орусия менен ыктымал байланыштарын иликтөөдө.

Трамп өзү буга чейинки сөздөрүндө АКШнын чалгын жамаатынын “2016-жылдагы шайлоого Орусия кийлигишти» деген бүтүмүн кабыл алган. Бирок ал шайлоо штабы менен Москванын ортосунда эч кандай келишүү болбогонун улам-улам билдирип жүрөт.

Бөлүшүү