Өлкө аймагында 15нен 18-декабрга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -
203

Кыргызгидромет борбору өлкө аймагында 15нен 18-декабрга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

15-декабрда өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 м/с жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 8…13,

Талас жергесинде түнкүсүн -3…+2, күндүз 8…13,

Баткен облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 10…15,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -1…+4, күндүз 10…15,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3…+2, күндүз 4…9,

Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -2…-7 градус болот.

15-декабрда Бишкек шаарында жаан жаабайт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 м/с жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -1°…+1°, күндүзгү жогорку температурасы 11…13° болот.

16-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, 16-декабрда эртең менен жана күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

17-декабрда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, 17-декабрда Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.

18-декабрда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт, 19-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт Абанын температурасы төмөндөйт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба-ырайы

 13-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгысекундасына 2-7 метрге чейин жетет.

14-15-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет.

 Ош шаарында күтүлгөн аба-ырайы

 13-15-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.