Аба ырайы: ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

Автор -
232

Маалыматка ылайык, 18-19-декабрда туруксуз аба-ырайы күтүлөт: көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, Ош, Жалал-Абад, Баткен өрөөндөрүндө жаан жаашы күтүлөт. Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында 17-22 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы төмөндөйт. Ага ылайык;

Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -5…-10°, күндүз -3° сууктан +2° жылуулукка чейин,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 1…6° жылуу,

Тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз -3° сууктан…+2° жылуулукка чейин,

Тоолуу райондордо жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -15…-20°, күндүз -2…-7° суук,

Бийик тоолуу райондордо жана Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -25…-30°, күндүз -8…-13° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз суук аба-ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Катуу жаан жааган убакта унаа жолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, унаалардын кыймылдоосун кыйындатат.