«Эйр Манас” авиакомпаниясы Бишкек-Ош-Бишкек аба каттамдарын убактылуу токтотту

Автор -

«Эйр Манас” авиакомпаниясы Бишкек-Ош-Бишкек аба каттамдарын 23-декабрга чейин убактылуу токтотту. Бул тууралуу “Манас” аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-23-декабрга белгиленген ZM 193_194, ZM 195_196, ZM197_198 каттамдары, 13-январга чейин ZM 201_202 каттамдары токтотулду.

«Бул чечим өндүрүш себептерден улам кабыл алынды»,-деп айтылат маалыматта.