Депутат Максат Сабировдун айтымында, 2017-жылы “Сот аткаруучулары жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу” жаӊы мыйзам ишке киргизилип, “Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү тууралуу жана сот аткаруучулардын статусу жөнүндө” мыйзамы күчүн жоготкон. Ошондон улам, жаӊы мыйзамды алименттик милдеттенмелер боюнча жаӊы ченемдер толуктоо зарылдыгы келип чыкты.
“Мыйзам долбоору менен сот аткаруучуларынын укугу, карызкорлордун маалымат базасын түзүү боюнча милдет, ошондой эле редакциялык мүнөздөгү айрым бир толуктоолор киргизилүүдө”, — деди Максат Сабиров.
Талкуу жүрүшүндө бир катар депутаттар алимент төлөбөгөн адамдардын көбү Россияда качып жүргөнүн белгилешип, аларды издөө жолдоруна кызыкты. Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин директору Рустам Ибраимов ушу тапта алимент төлөбөгөн 2731 адамга издөө жарыяланганын билдирди.
“Адегенде жарандар бизге арыз менен кайрылышат. Минск конвенциясынын жоболоруна ылайык, Биз кат Россияга кайрылып, анын жообун алабыз. Эгерде ал иштеп жатса, эмгек акысынын бир бөлүгү кармалат. Ал эми ал адам иштебесе, анда карызы топтоло берет”, — деди ал.