Акыркы жылдары мал киндиктүү Нарын өрөөнүндө малдарды эмдөө-дарылоо, каттоо маселелери чоң көйгөй жаратып келген. Жан-Булак айылындагы ветеринардык клиниканын (ветклиника) ачылышы бул багыттагы бир катар проблемалардын чечилишин шарттайт. Аталган ветклиниканын ачылышына Жогорк Кеңештин депутаттары Чыныбай Турсунбеков, Акылбек Жапаров, Алмасбек Акматов, Жылдыз Мусабекова, Марат Аманкулов катышты.
Бул клиника малдарды дарылоо, ар кандай малдын ылаңдарын алдын алуу иштерин гана жүргүзбөстөн, ар бир малды каттоодон өткөрүү, паспорттоштуруу, идентификациялык номер берүүнү жүргүзөт. Аталган айылдын болгон мал-жандыгы туурасындагы маалымат мына ушул ветклиникада топтолуп, кайсы убакта болбосун маалымат алууга болот. Мал саткандар үчүн да ыңгайлуу. Анткени, өзүнүн малы экенин тастыктаган справканы ар жактан чогултуп отурбай ушул эле жерден алса болот.
Жогорку Кеңештин депутаттары андан кийин айылдык бала бакчаны, жаңыдан ремонттон өткөн ФАПты көрүп, айылдагы бир катар социалдык маселелер чечилип калганына күбө болушту.
Ал эми Жан-Булак айылындагы айылдын чыгаан уулдарынын бири Ташполот Апсалиевдин ысмы ыйгарылган спорт комплексинин курулушу аяктап, пайдаланууга берилгени айылдыктар үчүн салтанаттуу жаңылык болду. Спорт комплексинин ачылышына катышкан Жогорку Кеңештин депутаттары айыл тургундарын куттукташып, эми бул жерде жаштар эле эмес, улгайып бараткандар дагы машыгып, ден соолугун чыңдоочу көнүүлөрдү жасап турса болорун белгилешти. Айыл тургундары ушул спорт комплекстин салынышына себепкер болгон эл депутаты Чыныбай Турсунбековго ыраазычылык билдиришти. Заманбап салынган спорт комплексин кыдырып көрүп чыгышкан депутаттар мында спорттун бир нече түрү боюнча секцияларды ачууга мүмкүнчүлүктөрдүн бар экенин маалымдашты. Ошону менен бирге эле Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков алдыңкы окуучуларга «Акун» фирмасынын атынан стипендияларды, ал эми машыктыруучуга кезектеги айлык акысын тапшырды.