19-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -

19-декабрда Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында мезгил-мезгили менен кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…-5,

Талас жергесинде түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…-5,

Баткен, Жалал-Абад жана Ош аймактарында түнкүсүн -4…+1, күндүз 0…5,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -2…+3,

Нарын дубанында түнкүсүн -9…-14, күндүз -2…-7,

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшөт. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6, күндүз 0…-2 градус болот.