Аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда туман түшөт

Автор -

20-декабрда өлкөдө мезгил-мезгили менен кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад аймактарына туман түшөт. Жолдорго муз тоңот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метр, айрым аймактарда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…-5;

Таласта түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…-6;

Ысык-Көлдө түнкүсүн : -2…-7, күндүз -3…+2;

Нарында түнкүсүн -10…-15, күндүз -2…-7;

Ош, Жалал-Абад, Баткенде түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…+5

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Туман түшүшү мүмкүн. Абанын температурасы -5…-7, күндүз -1…-3.  Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Бөлүшүү