21-декабрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 21-декабрда күндүз жана 22-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү кутулөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 1-6 м/с.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз -4…+1,
Талас жергесинде түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…-5,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3…-8, күндүз -4…+1,
Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -11…-16,
Баткен, Жалал-Абад, Ош аймактарында түнкүсүн -2…-7, күндүз -1…+4,
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт, мезгил-мезгили менен туман түшүшү мүмкүн. Абанын температурасы: түнкүсүн -7…-9, күндүз 0…-2 градус болот.
Буга чейин ӨКМдин маалымат кызматы 19нан 26-декабрга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат тараткан.
https://saat.kg/2018/12/19/lk-ajmagynda-19nan-26-dekabrga-chejin-k-t-lg-n-aba-yrajy-tuuraluu-maalymat/