Казарман-Актал-Чат унаа жолунуна кар көчкү түштү

Автор -

ӨКМдин маалыматына ылайык, 20-декабрда саат 13:10 чамасында Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда алдын ала алынган маалымат боюнча Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 43-44-чакырым аралыгында болжол менен 5000м3 кар көчкү түшкөн.

«Жабыркагандар жок. Тазалоо иштерине №18 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч, 1 грейдер жана 20 кызматкер тартылды. Кошумча маалымат берилет»,-деп айтылат маалыматта.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү