24-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -

24-декабрда айрым райондордо кар жаайт. Түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорун туман каптайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -3…+2,

Талас облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -3…+2,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -3…+2,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз +2…+7,

Нарын облусунда түнкүсүн -18…-23, күндүз 8…-13 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -6…-8, күндүз -1…+1 градус болот.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү