Хашим Зайналиев Бишкектеги №1 тергөө абагына эки айга киргизилди

Автор -

Дарыгерлик менен мыйзамсыз алектенген табып Хашим Зайналиев СИЗО-1ге которулду. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Тергөө кызматы тарабынан “Алдамчылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, табыпка карата арыздар 2016-жылдан бери келип түшүүдө. Зайналиевдин дарылоочу жайында 2016-жылы псориаз оорусу менен жабыркап кайрылган 6 жаштагы бала,  кийин 56 жаштагы А.Г.А. аттуу аялдын каза болгону айтылган.

Хашим Зайналиев Бишкек шаарында кармалып,  шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген эле. 

Бишкекте табып Хашим Зайналиев кармалды