Свердлов райондук ички иштер башкармалыгында кызматкерлердин атайын кабинеттеринин бет ачары болду

Автор -

Бүгүн, 26-декабрь күнү Бишкек шаардык Свердлов районунун ички иштер башкармалыгында Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиевдин катышуусунда Бузуулардын бирдиктүү реестри боюнча автоматташтырылган тутумду киргизүү жана колдонуу максатында атайын кабинеттеринин бет ачары болуп өттү.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 1-январынан баштап, соттук укуктук реформанын алкагында кабыл алынган жаңы кодекстер жана мыйзамдар күчүнө кирет. Ушуга байланыштуу жакында күчүнө кирип жаткан жаңы мыйзамдардын нормаларын эске алуу менен ИИМдин баардык бөлүмдөрүндө кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин жана бузуулардын бирдиктүү реестрин ишке ашыруу жана ишке киргизүү боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат. Аталган аймактык бөлүмдү кыдыруу учурунда жаңы тутумду ишке киргизүү боюнча тиешелүү көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалыматтар айтылып, Бузууларды бирдиктүү каттоо иши үчүн атайын орнотулган компьютерлери бар тергөөчүнүн, алгачкы текшерүүчүнүн, жаш өспүрүмдөр менен иштөө тескөөчүсүнүн бөлмөлөрү, андан сырткары адамдарды аныктоо боюнча, ошондой эле сурак алуу өндүрүүшүнүн бөлмөлөрү көрсөтүлдү.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын ИИМнин Эл аралык абактар реформасынын Борбор Азиядагы аймактык өкүлчүлүгүнүн ортосундагы кызматташуу жөнүндөгү Мемарандумдун алкагында Бишкек шаарынын Свердлов РИИБде пилоттук проект ишке ашырылды. Анда, милиция кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнүн жакшыртуу боюнча алар тараптан Жазык иш-аракеттерин жүргүзүү, акылдуу технологияларды колдонуу Венецияндык айнектери орнотулган суракка алуу бөлмөлөрүн Эл аралык стандартка ылайык жазалгалоо боюнча иштер жүргүзүлгөн. Андан соң, ИИМ аталган долбоорду Ош облусунун Кара-Суу РИИБсинде ишке ашырууну пландап жатат.

Эл аралык абактар реформасынын Борбор Азиядагы аймактык өкүлчүлүгүнүн директору Азамат Шамбиловдун айтуусунда аталган долбоор кыйноолорду жок кылууга жардам берет. Суракка алуунун аталган тынчтык модели Улуу Британиянын юристтери, психологдору жана полициялары тарабынан 1990-жылдары иштелип чыгып, Англиянын, Уэльстин, Канаданын, Австралиянын, Жаңы Зеландиянын полициялары колдонууда. 2016-жылы ООНдун кыйноолор маселелери боюнча атайын баяндамачысы Хуан Мендес 2016-жылы ООНдун Башкы Ассамблеясына дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө суракка алуунун моделин киргизүүнү сунуштаган.

“АКШнын адистери тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөргө ылайык күнөөсүн мойнуна алуу жана жалган маалымат берүүнү алдын алуу боюнча PEACEнин “күнөө тагуунун” натыйжалуу модели болуп эсептелинет. Биз тараптан мамлекет жарандар үчүн иштеген, ал эми жарандар мамлекет үчүн иштеген англиялык модель алынган. Ушундай чакырык учурда дүйнөдө колдонулууда. Ошондой эле муну ИИМ тарап дагы түшүнүүдө. Ушундай суракка алуу үчүн жабдылган кабинеттерди райондук милиция бөлүмдөрүндө түзүүнү пландап жатабыз”-деп Эл аралык абактар реформасынын Борбор Азиядагы аймактык өкүлчүлүгүнүн директору Азамат Шамбилов билдирди.
Өз кезегинде ички иштер министрлиги Эл аралык абактар реформасынын Борбор Азиядагы аймактык өкүлчүлүгүнүн директоруна тиешелүү жабдыктар менен жабдууга каржы жактан колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Андан сырткары, Бузуулардын бирдиктүү реестринин иши үчүн орнотулган компьютерлери бар коомдук коопсуздук кызматынын атайын бөлмөсүн көрсөтүштү. Бузууларды бирдиктүү каттоо иши үчүн атайын орнотулган компьютерлери бар тергөөчүнүн, алгачкы текшерүүчүнүн бөлмөлөрү көрсөтүлдү. Свердлов РИИБдин нөөмөт бөлүгүнүн кызматкерлери Маалыматтарды каттоонун электрондук журналы менен Кылмыштарды жана жоруктардын бирдиктүү каттоо тутумунун ишин оргтехникада колдонуу ыкмаларын көрсөтүштү. Бишкек ШИИББдин башчысы Сталбек Рахманов киргизилип жаткан Маалыматтарды каттоонун электрондук журналы менен Кылмыштарды жана жоруктардын бирдиктүү каттоо тутумуна Бишкек шаарынын ички иштер органдары толук даяр экендигин катышуучуларга маалымдады.

Иш-чаранын бардык катышуучулары Бишкек шаарынын ички иштер органдарынын “102” кызматын жакшыртуу жана өнүктүрүү перспективалары менен таанышышты. Танышуу иш-чарасынын жүрүшүндө Эл аралык абактар реформасынын Борбор Азиядагы аймактык өкүлчүлүгүнүн директору Азамат Шамбилов Свердлов РИИБдин тергөө кабинетинин керектүү жабдыктар менен жабдылышы Эл аралык абактар реформасынын Борбор Азиядагы аймактык өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен ишке ашканын белгиледи.