28-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -

28-декабрда түнкүсүн Нарын облусунун кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында бир аз кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл облусунда 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -3…-8, күндүз +5…+10,

Таласта түнкүсүн -4…-9, күндүз +4…+9,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…-9, күндүз -2…+3,

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -1…-6, күндүз 5…10,

Нарында түнкүсүн -19…-24, күндүз -10…-15 градус болот.

28-декабрда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7, күндүз +6…+8 градус болот.