Жаны-жылга карата 30-декабрдан баштап 2019-жылдын 7-январына чейин ички иштер органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызматтарын өтөшөт. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 28-декабрда Бишкек шаарынын Эски аянтында милиция кызматкерлери саптык кароодон өтүштү. Аталган иш-чара келе жаткан жаңы-жылдык майрамдарга карата уюштурулду.