Казакстанда жаңы жылдык куттуктоо айткан ИИМ академиясынын мугалими жазаланды

Автор -

Полиция формасын кийип, криминалдардын сөзү менен жаңы жылдык куттуктоо айткан адамдын видеосу Казакстан Ички иштер министрлигинин Карагандадагы академиясында тартылган. Бул тууралуу өлкө ИИМи кабарлады.

3-январда мекеменин басма сөз катчысы Алмас Садубаев дисциплинардык комиссиянын чечими менен аталган видеонун автору делген Караганда академиясынын мугалими Тастайбеков А.Р. ички иштер органдарынан кетирилгенин билдирди. Анын айтымында, мындан тышкары Тастайбековдун түздөн-түз жетекчиси менен окуу жайдын жетекчилиги «катуу дисциплинардык жоопкерчиликке» тартылган.

31-декабрда интернетте полиция формасын кийген адамдын куттуктоосу тартылган видео жарыяланган. Анда ал укук коргоо органдарынын кызматкерлерине «жетинчи муунуна чейин өркүндөөсүн» каалап, «неберелер биздин байланыштар менен пайдалансын» деп айткан. Өз сөзүндө ал полицияга карата криминалдык сөздөрдү пайдаланып, алардын коррупцилашканынан ишара кылган.

Бул видео социалдык түйүндөрдө тез жайылып, колдонуучулар тарабынан кескин сынга алынган.

Бөлүшүү