Ак Үйдүн алдына барып атайын түкүргөн жарандын видеосу тарады (Видео)

Автор -

Интернетте Ак Үйдүн алдына барып атайын түкүргөн жарандын видеосу тарады. Ал жогорку кызматта иштегендерге нааразычылыгын билдирип, андан соң Ак Үйгө түкүргөн.

«Мамлекет башчыларыбыз чыгарган мыйзамдар Кыргызстанды оңдой турган болсо, мен дагы өзүмдүн салымымды кошкум келип жатат. Мамлекетти уурдап, жеген, ичкен жана карызга батырган мамлекет башында иштеп кеткендердин, колунан эч нерсе келбей сүйлөгөндөрдүн урматына», — деп ал Ак Үйгө түкүрүп салды.

Жаран капчыгынан 5 500 сом алып чыгып «айып пулуңарды алып кеткиле» деди. «Сүйлөгөндөн башка колунан эч нерсе келбеген адамдардын бетине көптөн бери түкүргүм келип жүргөн. Ошондой мүмкүнчүлүк келди», — дейт ал.

Белгилей кетсек, бүгүн Ак Үйдүн алдына барып атайын түкүргөн жаран бүгүн Тоң районунан кармалды. Бул тууралуу  Тоң райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти. Маалым болгондой, ага түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин бошотулган.

Бөлүшүү