Өлкө аймагында 11нен 15-январга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -
273

Кыргызгидромет борбору 11нен 15-январга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

11-январда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

11-январда күндүз жана 12-январда көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

13-январда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун чыгышында жана Нарын облусунун айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

14-январда жана 15-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот.

15-январда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү