Түркия кайрадан кара куурай өндүрө баштайт

Автор -
617

Президент Реже́п Тайып Эрдога́н Түркиянын кайрадан кара куурай өндүрө баштай тургандыгын айтты. Президенттик  комплексинде өткөрүлгөн президенттиктин өкмөт системасында жергиликтүү башкаруулар симпезиумуна катышкан Эрдоган дос көрүнгөн душмандардын Түркиядан кара куурай өндүрүшүн алгандыгын белгиледи.

Кара  куурайдын импорттолгондугун айткан Эрдоган : «Айыл  —  чарба министрлигибиз бир иштин ичине кирип жатат жана бул кадамды таштайбыз. Кайрадан муну өндүрөбүз»,- деди.

Эрдоган Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын бийлиги мезгилиндеги 16 жылдык инфляция ортоломосунун 9, 54 пайыз болгондугун белгилеп, өздөрүнөн мурунку өкмөттөргө караганда ийгиликтүү болушкандарын айтты.

Президент : «2019 —  жыл менен бирдикте Түркия жаңы жана күчтүү бир өсүү мезгилине кирет. Мындан эч ким санааркабасын»,— деди.