15-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -

15-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас облустарынын өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 2…7,

Талас жергесинде түнкүсүн -4…+1, күндүз 2…7,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 2…7,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…5,

Нарын аймагында түнкүсүн -21…-26, күндүз -10…-15,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -23…-28, күндүз -10…-15 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз 4…6 градус болот.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү