Кыргызгидромет борбору өлкө аймагында 16нан 21-январга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.
16-январда көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл ойдуңун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метргежетиши күтүлөт.
17-январда түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөнүндө жаан-чачын күтүлбөйт. 17-январда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 секундасына метрге жетет.
18-январда жана 19-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 19-январда күндүз Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 секундасына метрге чейин жетет.
20-21-январларда Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде бир аз кар жаашы мүмкүн. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы төмөндөйт.