19-январдан 25-январга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -
230

Кыргызгидромет борбору Кыргызстандын аймагында 19-январдан 25-январга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

19-январда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн кээ бир райондорунда, күндүз көпчүлүк аймактарында жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Нарын облусунда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас облустарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

20-январда кээ бир райондордо, 21-22-январларда көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт.

23-январда жаан-чачын күтүлбөйт.

20-23-январларда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

24-25-январда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы бир аз жогорулайт.