19-январда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн кээ бир райондорунда, күндүз көпчүлүк аймактарында жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Нарын облусунда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас облустарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүңдө түнкүсүн -2…+3, күндүз 5…10,
Талас жергесинде түнкүсүн -4…+1, күндүз 5…10,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 5…10,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3…-8, күндүз 2…7,
Нарын аймагында түнкүсүн -18…-23, күндүз -5…-10,
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…2, күндүз 8…10 градус жылыйт.