Казакстандын футбол федерациясы болгариялык адис Станимир Стоилов улуттук кураманын башкы машыктыруучулугунан кеткенин билдирди.
Мекеменин сайтында жарыяланган билдирүүдө бул эки тараптын биргеликте кабыл алган чечими экени жазылган.
51 жаштагы болгариялык адис Казакстан курамасын өткөн жылдын башынан бери машыктырып келген. Ага чейин бир нече жыл «Астана» футбол клубунда башкы машыктыруучу болуп иштеген.
Казак курамасы Стоиловдун жетекчилиги алдында бир нече жолдоштук беттеш өткөрүп, УЕФАнын Улуттар лигасына катышкан.