Мамтил комиссиясы көркөм адабий чыгармаларды басып чыгаруу үчүн сынак жарыялады

Автор -
390

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия көркөм адабий чыгармаларды, котормолорду, балдар үчүн сүрөттүү (иллюстрацияланган) китептерди, усулдук колдонмолорду жана сөздүктөрдү басып чыгаруу үчүн үч айлык мөөнөттө сынак жарыялады. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, тандалып алынган мыкты чыгармалар «Азыркы адабият», «Дүбүрт», «Дүйнѳлүк адабият», «Дүйнѳ» серияларынын алкагында жарык көрөт.

Аталган сынак 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди ѳнүктүрүүнүн жана тил саясатын ѳркүндѳтүүнүн улуттук программасынын» аткарылышын камсыздоо максатында уюштурулууда.

Чыгармалар жана котормолор 2019-жылдын 17-январынан 17-мартына чейин кабыл алынат.

Сынака катышуу шарттары:

Чыгармалар жана котормолор Microsoft Word  документи тибинде, 14-шрифт, 1–сап аралык менен (ыр сабынын аралыгы – 1,5) Times New Roman арибинде болууга тийиш.

Чыгармалар жана котормолор электрондук түрдө (mamtil-synak@mail.ru дарегине) жана кагаз түрүндө (1 нускада) кабыл алынат;

Маалымат үчүн телефондор: 315773, 0551996517