21-январда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан аралаш кар жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -3…+2, күндүз 0…5,
Таласта түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -5…-10, күндүз -3…+2,
Ошто, Баткенде, Жалал-Абадда түнкүсүн 0…-5, күндүз 2…7,
Нарында түнкүсүн -16…-21, күндүз -9…-14 градус болот.
Бишкекте маал-маалы менен жаан, кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3, күндүз 2…4 градус болот.