21нен 25-январга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -

21-январда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан аралаш кар жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -3…+2, күндүз 0…5,

Таласта түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -5…-10, күндүз -3…+2,

Ошто, Баткенде, Жалал-Абадда түнкүсүн 0…-5, күндүз 2…7,

Нарында түнкүсүн -16…-21, күндүз -9…-14 градус болот.

Бишкекте маал-маалы менен жаан, кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3, күндүз 2…4 градус болот.

Ал эми 22-январда көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. 23-январда жаан-чачын күтүлбөйт.

20-23-январларда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

24-25-январда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы бир аз жогорулайт.

Ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлиги таратткан февраль айында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалыматты төмөндөгү шитемеден окуй аласыздар.

-22 градус суук болот. Февраль айында өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү