Бүгүн, 21-январда “Түндүк электр” ишканасы Бишкектеги 4100 абоненттин электр жарыгын өчүрөт. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 7 миллион 1 000 сомдук төлөмдөр учурунда аткарылган эмес.
«Керектөөчүлөр учурунда акча төлөбөсө, дистанциондук (автоматтык түрдө) өчүрүү орун алат. Төлөм аткарылгандан кийин электр энергиясы кайрадан берилет», — деп айтылат маалыматта.