23-январда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…5;
Талас жергесинде түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…+4;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…5;
Нарын облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз -4…-9 градус болот.
23-январда Бишкекте жаан жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -3…-5°, күндүзгү жогорку температурасы 1…3° болот.