Казакстанда жоолукчан окуучулардын ата-энелерине кайрадан айыппул салынды

Автор -
415

Казакстандын Актөбө облусунда жоолук салынгандыгына байланыштуу мектепке киргизилбей жаткан эки үй-бүлө окуучуларынын ата-энелерине айыппул салынды.

Алардын балдары Актөбө шаарынын №8 жана №60 орто мектебинде окушат. Облустук билим берүү тармагын көзөмөлдөө департаментинин өкүлү Жанар Мухамбеталина ар бир ата-энеге 12625 теңге (30 доллар) айыппул салынганын маалымдады.

Аймактык билим берүү башкармалыгынын кабарлашынча, учурда облус аймагында “мектеп формасын бузгандыктан” сабакка катыша албай жаткан 10 бала бар. Алар окуу жылы башталгандан бери мектепке келише элек. Билим департаменти бул окуучулардын ата-энелерине былтыртадан бери түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет.

Актөбө облустук билим берүү тармагын көзөмөлдөө департаменти 2018-жылы “жоолук чырынан” улам жалпасынан 33 ата-энеге айыппул салган. №31 мектептин мурунку директору Сауле Баймагамбетова бул маселеден улам кызматтан кетүүгө аргасыз болгон.

2017-жылы декабрда Астана соту жоолукчан кыздарды мектепке киргизбеген директорлорго арыз жазган ондогон ата-энелердин дооматын канааттандырган эмес.

Бөлүшүү