Мамлекеттик цирктин директору болуп Фархад Бекманбетов дайындалды

Автор -

Мамлекеттик цирктин директору болуп Фархад Бекманбетов дайындалды. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.

«Кыргыз циркинин директорлугуна Фархад Бекманбетовду дайындап, азыр эмгек жамааты менен тааныштырдым. Анын директор болушуна каршы болуп жумуштан кетебиз деп жаткандар маселесин эми өздөрү чечет. Анткени жумуштан кетүү арызын мага жазып жатышканы туура эмес, директорго жазышы керек болчу», — деди Жаманкулов.

Буга чейин директор дайындоо маселеси боюнча Ак үйдүн алдына митингге да чыгышкан.

Бөлүшүү